إعدادات العرض
Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп…
Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Алланын пенделери болгула!
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Алланын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල Tiếng Việt অসমীয়া Kiswahili Nederlands ગુજરાતી Magyar ქართული Română ไทย తెలుగు मराठी ਪੰਜਾਬੀ دری አማርኛ Malagasy پښتو ភាសាខ្មែរ ಕನ್ನಡ Lietuvių Македонски O‘zbek Moore Українська Azərbaycan فارسی Wolof Kinyarwanda Čeština Српски Shqip тоҷикӣالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман экинчи мусулман бир тууганына жакшылык кылуусун осуят кылып, кээ бир аткаруусу зарыл болгон важыбдарды жана адептерди баян кылган. Алар төмөнкүлөр: Биринчи осуяты: бирөөдөгү жакшылыктарды көралбай, андан кетүүсүн самап көралбастык кылбоого. Экинчиси: озу сатып алууну каалабай туруп буюмдун баасын көтөрүп, сатуучуга пайда, сатып алуучуга зыян келтирген жасалма соода кылбоого. Үчүнчүсү: жек көрбөгүлө деди. Бул - жамандык каалоо, жакшы көрүүнүн тескериси. Жек көрүү Аллах үчүн болсо гана болот. Бул учурда важиб болуп калат. Төртүнчүсү: бири-биринен жүз буруп, артын салып тескени карап кетпөөгө. Бешинчиси: Бирөөнүн соодасынын үстүнө соода кылбоого. Мисалы, буюмду сатып алып жаткан кишиге келип "менде ушул эле нерсе баасы арзаныраак бар" деп бузбоого. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпылай мындай осуятын айтты: жогоруда айтылган жаман сыпаттарды таштап, мээрим, сүйүү, жумшактык менен бири-бириңди колдоп, таза жүрөк, жакшы насыйкаттар менен жакшылыкта жардам берип, бир туугандай болгула. Бул бир туугандык талап кылган иштер: Мусулман бир тууганына зулумдук жана душмандык кылбоо. Мусулман бир тууганын зулумдукка кабылтып, өзү жардам бере ала турган абалда туруп ага жардам көрсөтпөй таштап койбоо. Мусулман бир тууганын кемсинтип, ага жаман көз караш менен карабашы керек. Мындай мамиле жүрөктөгү текебердиктен чыгат. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уч жолу такыбалык жүрөктө болорун айтты. Кимдин жүрөгүндө Аллахтан коркууну, жакшы ахлакты камтыган такыбалык болсо, ал башка мусулманды кемсинтпейт. Текебер жүрөктөн чыкчу, мусулман бир тууганын кемсинте турган жаман мүнөздөн сактайт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулмандын экинчи мусулманга арам болгон үч нерсесин бекемдеп айтты: каны, душмандык кылып өлтүрүү же жаракат алдыруу, уруу ж.б. Мал-дүйнөсү: анын мал-мүлкүн акысыз алуу. Ар-намысы: анын өзүнө же аброюна шек келтирүү.فوائد الحديث
Ыйман бир тууганчылыгы талап кылган бардык нерселерди аткарууга буйруп, ага каршы келген сөздөр менен иштердин баарынан тыят.
Такыбалыктын негизи — жүрөктө Аллахты таануу, Анын алдында коркуу жана дайыма көзөмөлдөп жатканын сезүү. Ушул такыбалыктан жакшы амалдар келип чыгат.
Көзгө көрүнгөн адашуу (күнөө иштерге киришүү) жүрөктөгү такыбалыктын алсыздыгына далил болот.
Мусулманга сөз менен болобу, иш менен болобу зыян тийгизүүнүн бардык түрүнөн тыюу.
Мусулмандын башка бир мусулмандагы жакшылыктын кетүүсүн самабай, жөн гана ошол сыяктуу болууну каалаганы көралбастык эмес. Бул гыбта - суктануу деп аталат. Жакшылык иште жарышууну пайда кылганы үчүн буга уруксат берилет.
Адам табиятынан башканын өзүнөн артык болуп кеткенин жактырбайт. Эгер башкадагы жакшылыктын жок болуп кетүүсүн самаса, бул жек көрүлгөн көралбастык. Эгер аны менен жакшылыкта жарышууну кааласа, бул жайыз болгон суктануу.
Эгер сатып алуучуга соодада катуу алданып жатканын эскертип айтса, бул сооданын үстүнө соода кылып бузганга кирбейт. Бул насыйкат болуп эсептелет. Бирок мунун шарты: айткан адамдын ниетинде сатып алуучуга эскертуу айтуу гана болушу керек, сатуучуга зыян жеткирүү ниети болбош керек. Амалдар ниетке жараша бааланат.
Эгер сатуучу менен алуучу баада келише албаса, бири-бирине ыраазы болбосо, бул учурда да башка бирөөнүн соодага аралашуусу сооданын үстүнө соода кылганга кирбейт.
Аллах үчүн жек көрүү, бул хадисте айтылган жек көрүүгө кирбейт. Анткени, Аллах үчун жек көрүү важыб, ыймандын белгиси.