Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге…

Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз

Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Асламини (зина кылганы үчүн) жазалап бүткөндөн кийин Аллахтын элчиси туруп мындай деди: "Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Мааиз бин Малик Асламини (ага Аллах ыраазы болсун) зына кылганы үчүн жазалагандан кийин, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элге кутпа кылып, мындай деген: Аллах Таала тыйган жек көрүндү, жийиркеничтүү иштен алыс болгула. Ким бул ишти кылса, ага эки нерсе важыб болот: Биринчи: Аллах да аны жашыруусу үчүн кылган күнөөсүн жашыруу, күнөөсүн эч кимге айтпоо. Экинчи: күнөөнү улантып кыла бербей, дароо Аллахка тообо кылып кайтуу. Кимдин күнөөсү бизге ачык болсо, анда ошол күнөө үчүн Аллахтын китебинде айтылган жазаны беребиз.

فوائد الحديث

Кылган күнөөсүн жашырууга жана Раббиси экөөнүн ортосунда болгон күнөөгө дароо тообо кылууга үндөө.

Эгер жазалар башчыга жетсе, анда жазаны берүү зарыл болуп калат.

Күнөөдөн сактануу жана тообого шашылуу важыб.

التصنيفات

Тообо